Кыргызстанда убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү пландалууда

Кыргызстанда убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү жана жарандардын транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүүнүн этаптуу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү ченем КР Президентинин Иш башкармалыгы тарабынан демилгеленген айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунда камтылган.
Мыйзам долбоору ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү берүү айдоочуларды даярдоонун жаңы системасынын элементтеринин бири болуп калат. Бул күбөлүктөр өлкөнүн аймагында гана жана кыргызстандыктар үчүн гана жарактуу болот.
Ошону менен бирге, мыйзам долбоору автомектептердеги окутуу процессине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү карайт.
Иштеп чыгуучулар айдоочуларды даярдоо системасын өзгөртүү зарылчылыгын жол кырсыктарынын деңгээли жогору бойдон калып жаткандыгы, анын ичинде айдоочулардын теориялык жана практикалык даярдыгынын жетишсиздиги менен түшүндүрүшөт.
Бирок негиздеме-маалымкатта убактылуу күбөлүктөр канча мөөнөткө берилери, так кимдерге берилери, алардын ээлери үчүн кандай чектөөлөр болору жана убактылуу күбөлүк кайсы шарттарда туруктуу күбөлүккө алмаштырылары көрсөтүлгөн эмес.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын май айында Министрлер кабинети айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин өзгөрүшү жана документтин жаңы түрү — убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк киргизиле турганын билдирген.
Токтомго ылайык, аны автомектепте төрт айдан кем эмес окуп, квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган жарандар ала алышат. Документ электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө таризделет.
Убактылуу күбөлүктөр Кыргызстандын аймагында гана жарактуу болот жана алты айлык мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгүсүз берилет.
Мында толук кандуу улуттук айдоочулук күбөлүктү убактылуу күбөлүктүн мөөнөтү ичинде жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) үчтөн аз бузган айдоочулар гана ала алышат. Мында эреже бузуулар ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин протоколдору же токтомдору менен катталган болушу шарт.
Эгерде айдоочу жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса, убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылат. Аны менен бирге минималдуу окуу мөөнөтүнөн өткөндүгү тууралуу маалымкат да күчүн жоготот, андан кийин жаран автомектепте кайрадан окууга мажбур болот.