Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Улуттук көркөм сүрөт музейинде күзгү мастер-класстар жана лекциялар сериясы башталат
08.09.2026 | 12:41

Бишкек шаарындагы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде салттуу өнөр, кол өнөрчүлүк жана китеп искусствосу боюнча күзгү мастер-класстар жана лекциялар сериясы башталат.
Маданият министрлигинин маалыматында, иш-чаралар Кыргызстан менен Кореянын маданий мурасты жайылтуу жана санариптештирүү боюнча 2023–2026-жылдарга карата биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.
Иш-чаралардын графиги:
- 10 жана 19-сентябрь: Саат 11:00дө кийизге сайма салуу, саат 14:00дө курак техникасы боюнча мастер-класстар өтөт. Нускамачы — Чолпон Демут-Осмоналиева.
- 12-сентябрь: Диатипия техникасы боюнча мастер-класс. Нускамачы — Мунара Абдукахарова.
- 17-сентябрь: Каллиграфия боюнча мастер-класс. Нускамачы — София Харитонова.
- 26-сентябрь: Саат 13:00дө «Байыркы дүйнөнүн кол жазмасы» темасында лекция өткөрүлөт. Лектор — София Харитонова.
Мастер-класстар музейдин биринчи кабатындагы залда өткөрүлөт. Катышуу акысы — 300 сом. Орундар чектелүү (10 адам) болгондуктан, алдын ала катталуу талап кылынат. Катталуу үчүн музейдин социалдык тармактагы баракчасына аты-жөнүн, телефон номерин жана тандалган күндү жөнөтүү зарыл. Билеттер музейдин кассасында сатылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: лекция, мастер-класс