Адылбек Касымалиев Кыргызстандын крипторыногун өнүктүрүүнүн алты артыкчылыгын атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында жасалма интеллект, блокчейн, виртуалдык активдер жана реалдуу активдерди токендештирүү акырындык менен заманбап финансылык жана экономикалык инфраструктуранын бир бөлүгүнө айланып баратканын билдирди.
Анын айтымында, бул тармак Кыргызстанда да тездик менен өсүүдө — пайдалуу кендер жана жер сыяктуу реалдуу сектордун активдеринен айырмаланып, финансылык инструменттер жана блокчейн-активдер багытында өлкө ири мамлекеттер менен бирдей көлөмдө жана технологиялар менен иштей алат. Ошону менен бирге Касымалиев крипторыноктун өнүгүшү менен өлкөнүн инвесторлор жана жарандар алдындагы жоопкерчилиги да өсүп жатканын белгиледи — Кыргызстан дүйнөлүк крипторыноктун көз карашында системалык мааниге ээ аянтчалардын катарына кире баштады, демек, жаңы чечимдер талап кылынат.
Министрлер кабинетинин башчысы эми алдыда айрым элементтерди калыптандыруудан инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жөндөмдүү болгон санариптик активдердин бүтүн улуттук экосистемасын курууга өтүү милдети турганын баса белгиледи. Ошол эле учурда, анын айтымында, виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү өзүнчө эле максат эмес — башкы критерий каттоодон өткөн криптокомпаниялардын саны эмес, тармактын экономикага, бизнеске жана жарандарга тийгизген реалдуу пайдасы.
Адылбек Касымалиев мындан аркы иштердин алты негизги артыкчылыгын бөлүп көрсөттү:
- Биринчиси — инвестор келечектеги иштөө шарттарын түшүнүшү үчүн жана Кыргызстан ишенимдүү, алдын ала болжолдоого боло турган санариптик юрисдикция катары репутацияга ээ болушу үчүн түшүнүктүү жана туруктуу оюн эрежелерин калыптандыруу.
- Экинчиси — сапаттуу инвестицияларды жана эл аралык технологиялык компанияларды тартуу, алар өлкөдө жөн гана катталбастан, бул жерде реалдуу продукт жаратып, технологиялык командаларын жана кеңселерин жайгаштырышы керек. Бул үчүн стратегиялык инвесторлорго атайын шарттарды, анын ичинде жасалма интеллект (ЖИ), блокчейн, финтех, киберкоопсуздук жана чоң маалыматтар (Big Data) менен иштеген компанияларга өзгөчө көңүл буруу менен регулятивдик «кумкоргондорду» (песочница) иштеп чыгуу сунушталууда.
- Үчүнчүсү — реалдуу активдерди токендештирүүнү өнүктүрүү: Касымалиевдин айтымында, мамлекет үчүн блокчейнди криптовалюталардын призмасы аркылуу гана эмес, жарандардын коопсуздугун жана өлкөнүн эгемендигин башкы орунга коюу менен реалдуу экономикага капитал тартуу үчүн колдонуу маанилүүрөөк.
- Төртүнчүсү — финансы рыногунан тышкары жерлерде, анын ичинде мамлекеттик башкарууда, маалыматтарды башкарууда, укуктарды ырастоодо, ошондой эле логистика менен сооданы санариптештирүүдө блокчейн-технологияларды колдонуу. Касымалиев Улуттук агенттикке блокчейн өлчөнүүчү натыйжа бере турган конкреттүү мамлекеттик процесстерди аныктоону тапшырууну сунуштады.
- Бешинчиси — ЖИ, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун (ЦОД), блокчейн жана финтехти бириктирген аймактык технологиялык кластерди түзүү үчүн жасалма интеллектти жана эсептөө инфраструктурасын өнүктүрүү.
- Алтынчысы — тармактын экономикага кошкон салымынын өлчөнүүчү көрсөткүчтөрүнүн системасына өтүү: тартылган инвестициялардын көлөмү, салыктык түшүүлөр, түзүлгөн жумуш орундары, санариптик кызматтардын экспорту. Касымалиев Улуттук агенттикке мамлекеттик органдар менен биргеликте тармакты өнүктүрүүнүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктап, аларды улуттук максаттар деңгээлинде үзгүлтүксүз мониторинг кылууну тапшырууну сунуштады.