Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктады

Талас шаарында «Баластан» балдарды өнүктүрүү жана көңүл ачуу борборунун курулушу 90% аяктады. Комплексти 11–12-сентябрда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоонун алкагында ачуу пландалууда.
Комплекстин аянты 6,5 гектарды түзөт. Анын курамында тогуз корпус болот. Аларга заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, боулинг, коомдук тамактануу жайлары, лабиринттер жана чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору жайгашат.
Ошондой эле борбордо келгендерди кыргыз тилинде тейлей ала турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда.
«Баластандын» курулушу 2025-жылдын күзүндө башталган. Комплекс пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.
Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, келечекте комплекс шаардын маданий, рекреациялык жана экономикалык борборлорунун бири болушу керек.