Күн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайы

23.08.2026 | 10:00
Күн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайы — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 23-августта, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 29…34°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 25…30°C;
  • Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 30…35°C;
  • Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 30…35°C;
  • Баткен облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 29…34°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 17…22°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 20…25°C;
  • бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5°C, күндүз 6…11°C;
  • Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17°C, күндүз 31…33°C болот. Түнкүсүн кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт;
  • Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн 12…14°C, күндүз 18…20°C болот. Маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22-августтун таңында 21,9°C болду.

Теги: погода
Scroll to Top