Таласта дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза тапты

27.06.2026 | 15:16
В Таласе во время поисков подростка, упавшего в реку, погиб спасатель — Новости Кыргызстана

Талас облусунда дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштерин жүргүзүп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында куткаруучу-суучул оор жаракат алган. Дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Маркум Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган. Анын артында жубайы жана кызы калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. “Анын эрдиги, кайраттуулугу, өзүн-өзү аябаган эмгеги жана кесиптик милдетине болгон берилгендиги кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат”,- деп билдирди мекеме.

Эске салсак, 23-июнда 2011-жылы туулган өспүрүм Талас дарыясына түшүп кеткен. Андан бери издөө иштери улантылып жатат.

Теги: ӨКМ
Scroll to Top