Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Баткенде сел жүрүп, Ош-Раззаков унаа жолу жабылды
27.06.2026 | 19:37

Бүгүн, 27-июнда, Баткен районунун Рават айылында жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош–Раззаков унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, селден сырткары катуу шамал болуп, анын кесепетинен айрым жерлерде бак дарактар сынып турак үйлөргө, электр чубалгыларына зыян келтирген.
Өкүлчүлүк учурда жеринде жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, абалга көзөмөл жүргүзүп жатканын билдирди. Ошондой эле келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар