Ош шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды

Ош шаарында тез жардам борборунун жаңы имараты курулат. 26-июнда борбордун эски имаратын демонтаждоо иштери башталды. Ага курулуш министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, объектидеги иштин жүрүшү менен таанышышты.
Курулуш министрлигинин маалыматында, жаңы имарат куруу чечими өлкө башчы Садыр Жапаровдун Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынган. Анда тез жардам кызматынын өкүлү 1932-жылы салынган имарат эскирип, талапка жооп бербей калганын билдирген.
Долбоор боюнча жаңы борбор эки кабаттуу болуп курулат. Имаратта кызматкерлер үчүн эмгек шарттары, диспетчердик борбор, эс алуу жана тейлөө бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле тез жардам унаалары үчүн жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык аймактар түзүлөт.
Курулуш үчүн каражат президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүндү.