«Кыргызстан демократиянын аралчасынан мыйзамдуулук жана жакшы жашоонун аралчасына айланат», — деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал система менен катуу күрөш жүрөрүн белгиледи.
«Мен 3 жылдан кийин ыйлабашым керек. Мен мыйзамга ишенип жашап, мени мыйзам коргошу зарыл. Мурдагы бийлик өкүлдөрү не болду? «Мени тиги кадрым, премьерим коргоп калат» деп жүрүштү эле», — дейт төрага.
«Мага эч нерсенин кереги жок. Аны баары билишет. Бул реклама эмес. Мага бир гана нерсе маанилүү — мамлекетти таза өлкөгө айлантышыбыз керек. Бизде ага азыр мүмкүнчүлүк бар», — деди Камчыбек Ташиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз