Сокулук райондук сотунун чечими менен блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Эртай Исаков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-июлда анын баш коргоо чарасы каралды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча айыпталууда.
Эскерте кетсек, ИИМдин маалыматы боюнча 14-июлда саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адам алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан.
Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.
15-июлда жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип, 1990-жылы туулган Э.И., 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар КР КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 17-июлда шектүүлөргө айыбы угузулуп, аларга карата баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү Сокулук райондук сотуна келтирилген.
Сокулук райондук сотунун Тергөө судьясынын чечими менен 1990-жылы туулган Э.И. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, ага карата Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Ал эми 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучулар дагы эки айга камакка алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз