Суу жок, жол тосушкан. Эртай Искаков жана эки тургун эки айга камалды

Суу жок, жол тосушкан. Эртай Искаков жана эки тургун эки айга камалды

Сокулук райондук сотунун чечими менен блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Эртай Исаков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июлда анын баш коргоо чарасы каралды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, ИИМдин маалыматы боюнча 14-июлда саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адам алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан.

Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (Мыйзамсыз жол тосуу) жана 280-беренесинде көрсөтүлгөн (Бейбаштык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштери козголгон.

15-июлда жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип, 1990-жылы туулган Э.И., 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар КР КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 17-июлда шектүүлөргө айыбы угузулуп, аларга карата баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү Сокулук райондук сотуна келтирилген.

Сокулук райондук сотунун Тергөө судьясынын чечими менен 1990-жылы туулган Э.И. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, ага карата Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Ал эми 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучулар дагы эки айга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>