Таза суу жок, жол тосушкан. Милиция үч адамды кармалды, бири блогер

Таза суу жок, жол тосушкан. Милиция үч адамды кармалды, бири блогер

Сокулук районунда мыйзамсыз жол тосууну уюштурган деген шек менен блогер жана эки жергиликтүү тургун бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында элдин жоон тобу “түштүк магистраль” жолун тосуп, унаалар өтүүгө мүмкүн болбой калгандыгы тууралуу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барышып, жол тоскон жүздөн ашык жарандар Селекционное айылынын тургундары экенин жана таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосушканын аныкташкан.

Ички иштер министрлигинин жооптуу жетекчиси, Сокулук РИИБдин, Чүй ОИИБдин өздүк курамы  менен жетекчилиги, Сокулук районунун акими, Бишкек шаарынын суу чарба башкармалыгы жол тоскон жарандарга келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, бирок бул жарандар милиция кызматкерлерине таш ыргытып, жолду тосууну улантышкан.Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол 15-июль күнү саат 02:00дө гана ачылып, жол тоскон жарандар тарап кетишкен.

Бул факты Сокулук райондук милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй жагдайлар аныкталган.

Селекционное айылындагы «Сары-Өзөн» жаңы имаратынын жашоочулары ар кандай маселелерди талкуулап, чечүү максатында түзүлгөн WhatsApp тобу аркылуу ичүүчү суу көйгөйүн талкуулашкан. Бул топко блогер «Е.И.» (Эртай Искаков) кошулган. Ал радикалдуу аракеттер көрүлбөсө суу маселеси чечилбестигин баса белгилеп, жергиликтүү тургундарды «жол тосууга» чакыра баштаган. Ал социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу өзү колдоо көрсөтө турганын айткан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Селекционное айылындагы жолду тосуу ушул эле адамдар тарабынан атайын уюштурулуп, ишке ашырылып жаткандыгы аныкталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен 15-июлда Сокулук РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери (Мыйзамсыз жол тосуу) жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (Автомобиль жолдорун мыйзамсыз тосуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоону уюштурууга шектелип, шектүү катары 1980-жылы туулган Э.И. жана КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип, шектүү катары жарандар 1974-жылы туулган Б.Б. 1972-жылы туулган Б.Б кармалган. Алар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>