Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканадаУлуттук банк жасалма QR-коддор менен алдамчылык тууралуу эскерттиКыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталуудаБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы көпүрөгө мурдагы министрдин ысымын берүү сунушталууда — долбоор
Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
18.07.2023 | 08:56
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом