Тажикстанда ийне жутуп алган жоокер аскерден качууга айыпталып 2,5 жылга соттолду

Тажикстанда ийне жутуп алган жоокер аскерден качууга айыпталып 2,5 жылга соттолду

Душанбе гарнизонунун аскердик соту катардагы жоокер Фаридун Зиевуддиновду аскердик милдетин өтөөдөн баш тартуу боюнча күнөөлүү деп таап, эки жарым жылга эркинен ажыратты.

Сот отурумунда жоокер армияда кызмат өтөөдөн бошонуу үчүн төрт ийне жутуп алып, ооруканага жатканы айтылды.

Жоокердин апасы Дилором Зиёвуддинова баласы аскерден качуу үчүн өмүрүн тобокелге салганына ишенбейт. Анын айтымында, аскерде уулу кордук көргөн.

«Аны төрт ийне жутууга мажбурлашкан. Ийнелерди кийин ооруканада алып чыгышты, бирок уулумдун абалы азыркыга чейин жакшы эмес. Уулумду сот жараянына чейин көргөм, ал мага бир нерсе айтуудан коркуп, армияда кызмат өтөөдөн качпаганын гана билдирди», — деди ал.

Аскер бөлүгүнүн өкүлү Фаррух Табаров жоокерге катаал мамиле жасалбаганын, армиядан качуу үчүн анын ийне жутуп алганы аныкталып, кылмыш иши козголгонун айтты.

Фаридун Зиёвуддиновго карата сот өкүмү 10-сентябрда чыккан. Эми анын үй-бүлөсү жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат.

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу — жазында жана күзүндө болот. Мыйзам боюнча 18ден 27 жашка чейинки жигиттер аскерге барууга милдеттүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>