Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди
12.11.2026 | 18:15

Клара Сооронкулова 12-ноябрда Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Ал өзүн өзү көрсөтүү жолу менен талапкер болууда. Бул тууралуу БШК маалымдады.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт.
Клара Сооронкулова — Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы. Ал 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого да катышкан.
Буга чейин талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыздарды Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров беришкен.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: ЦИК