The Economist Intelligence Unit: Кыргызстан авторитардык өлкөнүн катарына кирди

The Economist Intelligence Unit: Кыргызстан авторитардык өлкөнүн катарына кирди

Улуу Британиянын The Economist Intelligence Unit изилдөө борбору Кыргызстан Борбор Азиядагы башка авторитардык өлкөлөрдүн катарына кошулду деп эсептейт.

2020-жылы Кыргызстан илимий борбордун индексинде 101-орунда болсо, 2021-жылы 107-орунга түшкөн. Кыргызстан “авторитардык режимдеги” мамлекеттерге кошулуу менен катар эле “гибриддик режим” статусун жоготту.

EIU мындай өзгөрүүлөрдү өлкөнүн парламенттик башкаруу формасынан президенттикке өтүшү жана мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын жана таасиринин кеңейиши менен түшүндүрүүдө.

«Өткөн жылы шайлоочулардын эң төмөнкү катышуусунун шартында республика Садыр Жапаровду Кыргызстандын лидери кылып шайлады жана президенттик башкаруу системасына өтүүнү колдоду. Жыл ичинде мамлекет башчыга кеңири ыйгарым укуктар берилди. Ошол эле учурда ал аткаруу бийлигинин негизги фигурасына айланып, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарына таасири күчөп, бийликти бөлүштүрүү дээрлик жоюлду», — деп айтылат борбордун баяндамасында.

Economist Intelligence Unit — бул The Economist Groupтун изилдөө жана талдоо бөлүмү, ай сайын өлкөнүн отчеттору, беш жылдык өлкөнүн экономикалык болжолдору, өлкөнүн тобокелдиктери, тармактык отчеттору сыяктуу изилдөө, талдоо аркылуу болжолдоочу жана кеңеш берүүчү кызматтарды көрсөтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>