Татьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдириштиБугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жандандыБишкекте олимпиадалык стандарттагы бассейни бар спорт комплекси курулууда — сүрөтКыргызстанда 200 млн сом салынган компания жоюлат — Бекешев22-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болуп, аба +21°ка чейин жылыйтДээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалынды
Тоңдо баасы 65 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
30.06.2026 | 13:05

Башкы прокуратура Ысык-Көл облусунун Тоң районунда баасы 65 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргөн. Анын жыйынтыгында, Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарында жалпы 47,84 гектар айыл чарба жери 2006–2008-жылдары жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.
Прокурордук чаралардын негизинде аталган жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Башкы прокуратура, Тоң району