Баткенде катуу шамалдан келтирилген чыгым 16 млн сомду түздү

30.06.2026 | 12:34
Баткенде катуу шамалдан келтирилген чыгым 16 млн сомду түздү — Новости Кыргызстана

Баткен облусунун аймагында болгон катуу шамалдан улам келтирилген материалдык чыгымдын алдын ала суммасы 16 миллион сомду түздү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 27-июнда Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге жеткен катуу шамал болуп, анын кесепетинен турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Ошондой эле эки жаран жаракат алган.

Өкүлчүлүктүн маалыматында, бул маселе боюнча облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өттү. Президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тиешелүү органдарга социалдык объектилерди калыбына келтирүү, жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик мүлктү камсыздандыруу иштерин тездетүү тапшырмасын берди. Ошондой эле саламаттык сактоо кызматтарына жабыркаган эки жаранга медициналык жардам көрсөтүү милдеттендирилди.

Учурда чыгымдарды тактоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Жергиликтүү бийлик жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого жана Кыргызгидрометтин маалыматтарына көңүл бурууга чакырды.

Теги: Баткен
Scroll to Top