Кыргызстанда Ветеринария илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери айлык акы кечигип жатканын билдиришти

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери социалдык тармактар аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту.
Анда кызматкерлер 2026-жылдын январь айынан бери айлык акысын толук көлөмдө албай жатканы айтылат.
«Алгачкы үч айда бизге айлык такыр берилген жок, ал эми апрель айында аванс катары толук эмес өлчөмдө төлөп беришти. Апрелде салыктарды кармап калгандан кийин "президенттик" деп аталган 13 миң 500 сом которулду, ошону менен бүттү. Негизи президенттик төлөмдөр 11 ай бою берилет деп убада кылынган болчу», — деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле институттун кызматкерлеринин бири «Түндүк» тиркемеси аркылуу маалыматтарды текшерип көрүп, жыл башынан бери социалдык чегерүүлөр (соцфондго төлөмдөр) которулбаганын байкаганын билдирди.
«Менин билишимче, мындай абал менде эле эмес, кесиптештеримде да болууда. Биз болгону адал мээнетибиз менен тапкан айлыгыбызды өз убагында алууну жана мыйзамда каралган бардык социалдык чегерүүлөрдүн болушун гана каалайбыз», — деп белгиленет кайрылууда.
Кайрылуунун авторлору түзүлгөн кырдаалга көңүл бурулуп, тийиштүү чаралар көрүлөт деп үмүт кылышат. Анткени, кайрылууда айтылгандай, «илимий кызматкерлер да сый-урматка, татыктуу эмгек акыга жана эртеңки күнгө болгон ишенимге татыктуу».