12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалды
Тойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?
15.09.2025 | 13:20

Өлкөдөгү тойкана жана кафелерде кечки саат 22:00дөн кийин иш токтой баштады. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, «Тынчтык тууралуу» мыйзам эч кимдин иштөөсүнө тыюу салбайт. Болгону 22:00дөн кийин жөн гана тынчтыкты бузган катуу үн болбошу керек.
Депутат мисал катары 7-апрель көчөсүндөгү ресторандарды белгиледи: «Эгер ресторан калктуу конуштан алыс жайгашкан болсо, музыкасы сыртка угулбайт, ошондуктан иштей берсе болот».
Белгилей кетсек, бир катар тойканалар кечки саат 22:00дөн кийин иштөө чектөөсүн «Түнкү тыныгуу» мыйзамы менен байланыштырып жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом