Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилет
09.08.2026 | 12:00

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда миграциялык каттоого туруу үчүн «Амина» мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болгон чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын чөйрөсү кеңейтилет. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жаңы талаптарга ылайык, 18 жаштан жогорку курактагы төмөнкү категориядагы жарандар тиркемени орнотууга жана каттоодон өтүүгө милдеттүү:
- Москва шаарынын жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган студенттер;
- аталган аймактарда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- ишмердүүлүккө байланышпаган максаттарда (туризм, конокко баруу ж.б.) келип, болуу мөөнөтү 90 календардык күндөн ашкан жарандар.
18 жашка чейинки жарандарга бул талап жайылтылбайт. Министрлик Орусиянын аймагында жүргөн же ал жакка барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына «Амина» тиркемесин алдын ала орнотуп, миграциялык каттоону аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз убагында тариздөөнү сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом