Түркия. Кыргызстандык куткаруучулар дагы үч адамды куткарды — видео

Түркия. Кыргызстандык куткаруучулар дагы үч адамды куткарды — видео

Бүгүн, 18-февралда кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында 296 саат жаткан үч кишини аман-эсен куткарды. Бул тууралуу түркиялык ММКлар билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Хатай провинциясынын Актакья районунда бир аял, бир эркек жана кичинекей бала куткарылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, урандынын алдынан беш адам табылган. Алардын ичинен ата-эне баласы менен тирүү куткарылса, эки бала каза болуп калган.

Түркиялык ММКлар билдиргендей, урандылардын алдынан куткарылган бала медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, каза тапкан. Учурда эркек менен аял киши ооруканага жаткырылып, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар 5 адамды урандылардын алдынан таап чыгып, куткаруучуга жетишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>