Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү эки айга камакка алынды

Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү эки айга камакка алынды

Бишкектин 5-кичирайонунда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган А.Ч. аттуу шектүү эки айга камака алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнүн бөгөт чарасы бүгүн, 18-февралда Свердлов райондук сотунда каралып, сот аны 16-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда аял киши уул-кызы менен киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 17-февралда 36 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалган. Шектүү кармалгандан кийин, ал тууралуу айрым маалыматтар ачыкка чыккан. Ага ылайык, шектүү мурда УКМКда иштегени белгилүү болгон.

Кийинчерээк бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.

Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>