Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
УКМК «Альфа Телекомдун» мурдагы башчысын кармады
28.03.2023 | 11:05
УКМК кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКтын жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.
Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.
Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом