Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган адамга өкүм чыкты

Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган адамга өкүм чыкты

Токтогул шаарынын 26 жаштагы тургуну өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барганы үчүн 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Токтогул райондук соту 2023-жылдын 22-мартында чыгарды.

Маалым болгондой, абыркаган кыздын кызыкчылыгын Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаев коргоду.

Райондук сот 26 жаштагы айыпталуучу М.А.ны Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка чыга элек өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот ошондой эле соттолуучу адамдан 184 500 сом материалдык чыгым (транспорттук чыгымдар, экспертизалар, эксперттик кызмат ж.б.) жана 100 000 сом моралдык зыян өндүрүү чечимин чыгарган.

26 жаштагы М.А. 13 жаштагы О.Ш. аттуу кыз менен 2022-жылдын апрель айында таанышкан. Соттолуучу жаран өспүрүм кызга жылуу мамиле кылып баштап, ал тургай аны тоого алып барып келген. Ал май-июнь айларынын аралыгында жашы жете кыз менен үч жолу жыныстык катнашка барган. Биринчи жолу бул окуя кыздын үйүндө болгон. М.А. үйдө чоңдордун жоктугунан пайдаланып кыз менен жыныстык катнашка барган.

Ал эми 2022-жылдын июль айынын ортосунда М.А. 13 жашар О.Ш.ны белгисиз тарапка алып кеткен. Кыздын жакындары милицияга кайрылышкан. Укук коргоо кызматкерлери аларды төрт күндөн кийин Бишкектен чогуу табышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.А. О.Ш. болгону 13 жашта экенин билген эместигин айткан. Кийинчерээк бул жөн гана кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жасалган чабал аракет экени белгилүү болгон.

Адвокат Р.Абдуллаев белгилегендей, соттолуучу акыркы учурга чейин кылган ишин мойнуна алган эмес. Бирок ага карабастан, сот ага эң минималдуу мөөнөт менен жаза дайындады.

«Эгер соттолуучу өз кылганына өкүнсө, бул жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары каралышы мүмкүн, бирок соттолуучу ачыктан-ачык кылмышка катыштыгы жок экенин акырына чейин айткандыктан, ага эң көп мөөнөт, тактап айтканда 10 жыл берилиши мүмкүн болчу», — деп юрист өз пикири менен бөлүштү.

Адвокат кылмыш ишинде судьянын жарандык сот өндүрүшүндө өзүнчө доо арызын күтпөстөн, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө чечим чыгарганын баса белгилейт.

«Кыйноолорду жана башка иштерди канчалык карабайлы, көбүнчө судьялар материалдык зыян менен моралдык зыянды өзүнчө жарандык сот өндүрүшүнө бөлүп коюшат, ага өз учурунда бюрократия камтылат. Ал эми бул жерде судья бул бюрократиялык тоскоолдуктардын баарына жол берген жок, муну менен бизди таң калтырды», — деп жыйынтыктады жактоочусу Равшан Абдуллаев.

Соттун өкүмүнө ылайык, М.А. сегиз жылды камакта өткөрүшү керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>