Баткенде товар уурдагандар изи сууй электе колго түштү

Баткенде товар уурдагандар изи сууй электе колго түштү

Баткенде милиция кызматкерлери кампадан уурдалган мүлктөрдү ыкчам таап беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну Үч-Коргон айыл аймагындагы товар сактаган кампасынан 13-март күнү жалпысынан 228 миң сомдук сатылуучу буюмдарын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Анын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Ош облусунун Отуз-Адыр айылынын 54 жаштагы тургуну М.А., Ноокат районунун тургундары — 59 жаштагы Д.А. жана 68 жаштагы Ж.Т. кармалышкан.

Шектүүлөр кармалган учурда жанынан жабырлануучунун уурдалган буюмдары далил зат катары табылган.  Учурда уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>