Чүйдүн Байтик айылында жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-январда шектүү катары К.С. аттуу жаран кармалган. Аны тинтүү учурунда салмагы 800 грамм болгон «афган чарс» баңгизаты табылып алынган.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.