Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте Olympic Day спорттук майрамы 21-июнда өтөт
19.06.2026 | 11:33

21-июнда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Olympic Day эл аралык спорттук майрамы өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Иш-чаранын катышуучуларын чогултуу саат 09:00дө башталат. Ал эми чуркоого саат 10:00дө старт берилет. Жөө күлүктөрдүн маршруту Абдымомунов, Орозбеков, Раззаков жана Рыскулов көчөлөрү аркылуу өтөт.
Спорттук майрамга байланыштуу 21-июнда саат 08:00дөн 14:00гө чейин аталган көчө тилкелеринде автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды жана калаа меймандарын жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууну жана айланма жолдорду пайдаланууну суранды.
Теги: Бишкек