Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда
Бишкектеги Фучик көчөсүндө жаңы гүлбакча пайда болот
19.06.2026 | 16:46
Бишкек шаарынын Ю. Фучик көчөсүндөгү №54 мектептин жанына жаңы гүлбакча курулат. Курулуш министрлигинин маалыматында, учурда аймактын эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Жаңы эс алуу жайынын жалпы аянты 1,3 гектарды түзөт. Гүлбакчада балдар оюн аянтчасы, воркаут зонасы, амфитеатр болот. Ошондой эле жөө жүрүүчүлөр үчүн жана велосипед жолдору, унаа токтотуучу жай курулат.
Мекеме аталган аймактагы бак-дарактар ордунда каларын, кошумча 5 миң 64 чарчы метр жерге жаңы көчөттөр жана декоративдик өсүмдүктөр отургузуларын билдирди. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системасы жана көлөкө берүүчү конструкциялар орнотулат. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде иштелип чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек




