2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады
Быйыл ЖРТнын «Алтын сертификатын» алууга 55 бүтүрүүчү татыктуу болду
18.06.2026 | 09:35

2026-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 55 бүтүрүүчү эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку упайды эки окуучу алды. Алар экөө тең 239 упай топтошкон:
- Айдай Абылаева — Нарын облусу, Н. Жундубаева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
- Сезимай Акматова — Баткен облусу, Баткен облустук мектеп-гимназия интернаты.
Ал эми аймактар боюнча жогорку упай алган окуучулардын саны төмөндөгүдөй:
- Бишкек шаары — 34;
- Чүй облусу — 5;
- Жалал-Абад облусу — 4;
- Ысык-Көл облусу — 4;
- Баткен облусу — 3;
- Нарын облусу — 2;
- Ош шаары — 1;
- Ош облусу — 1;
- Орусиядагы мектептерден — 1.
Белгилей кетсек, «Алтын сертификат» бүтүрүүчүлөр өлкөнүн жогорку окуу жайларына жеңилдетилген шартта кабыл алуу укугуна ээ болушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: ЖРТ