УКМК ишкер Жалил Атамбаевди кайра кармады
Ишкер, мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Атамбаевдин бөгөт чарасы 8-августта Октябрь райондук сотунда каралган. Сот тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырып, Атамбаевди 4-сентябрга чейин камакка алган. Ал №1 тергөө абагында отурат.
Жергиликтүү басылмалар, Атамбаев уюшкан кылмыштуу топту каржылоо айыпталып жатканын жазууда.
Ал УКМК тарабынан кармалган.
Эскерте кетсек, Жалил Атамбаев УКМК тарабынан биринчи ирет кармалып жаткан жок. 2021-жылы 4-мартта Коопсуздук комитети Атамбаев “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кармалганын маалымдаган. Бир күн өтүп-өтпөй эле 5-мартта ал үй камагына чыгарылганы, мамлекетке 50,5 млн сом төккөнү кабарланган. 29-мартта УКМК Жалал Атамбаев бюджетке жалпы 100 млн сом төккөнүн билдирген.
https://reporter.kg/zhalil-atambaev-mamleketke-100-mln-som-t%d3%a9kt%d2%af/