УКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктады

25.08.2026 | 17:12
УКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктады — Новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Нелегал-2026» рейдинин алкагында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди.

Миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюуга багытталган рейд 13-21-август күндөрү УКМК жана ИИМ тарабынан өткөрүлгөн.

Анын алкагында чет элдик жумушчуларды иштеткен 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жаран текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран такталган. Мыйзам бузгандарга жалпысынан 2 млн 701 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Атайын кызмат учурда 8 чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

УКМК каттоодон өтүү эрежелерин бузуу же тиешелүү уруксатсыз иштөө өлкөдөн чыгарууга жана кайра кирүүгө чектөө коюуга алып келерин эскертти.

Scroll to Top