ДССУ акыркы 10 жылда биринчи жолу каннабисти колдонуунун кесепеттери тууралуу маалыматтарды жаңылады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2016-жылдан бери биринчи жолу каннабисти медициналык эмес максатта колдонуунун кесепеттери тууралуу баяндамасын жаңылады. Бул аралыкта каннабис препараттарынын курамы, аларды колдонуу ыкмалары жана мыйзамдар өзгөрүп, окумуштуулар анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу жаңы маалыматтарды алышкан.
Каннабис дүйнөдө эң көп колдонулган психоактивдүү зат бойдон калууда. ДССУнун маалыматы боюнча, 2024-жылы аны 250 миллионго жакын адам колдонгон.
Уюм белгилегендей, азыркы каннабис продукцияларында анын негизги психоактивдүү компоненти — тетрагидроканнабинолдун концентрациясы он жыл мурдагыга салыштырмалуу кыйла жогору. Ошол эле учурда каннабис колдонууга байланыштуу бузулуулардан улам дарыланууга кайрылгандардын саны өсүүдө.
Каннабис кыска мөөнөттө адамдын кабылдоосун, көңүл буруусун жана кыймыл-аракет координациясын бузушу мүмкүн. Бул жаракат алуу жана жол кырсыгына кабылуу коркунучун жогорулатат. Ошондой эле дүрбөлөңгө түшүү, галлюцинация жана тез медициналык жардамды талап кылган учурлар катталган.
Каннабисти үзгүлтүксүз колдонуу көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. ДССУнун баалоосу боюнча, каннабисти качандыр бир кезде колдонгон ар бир он адамдын болжол менен биринде көз карандылык пайда болот.
Адистер өспүрүмдөргө жана жаштарга өзгөчө көңүл бурушат. Жаш куракта каннабисти үзгүлтүксүз колдонуу когнитивдик өнүгүүнүн бузулушу, психоздук эпизоддордун жана депрессиялык бузулуулардын пайда болуу коркунучунун жогорулашы менен байланыштуу. Генетикалык жактан жакындыгы бар адамдарда психоздун пайда болуу коркунучу өзгөчө жогору.
ДССУ каннабистин дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларына да терс таасир этиши мүмкүн экенин белгилейт. Атап айтканда, каннабис чегүү адатта тобокелдиги төмөн деп эсептелген жаш адамдарда да жүрөктүн коронардык көйгөйлөрүн жаратышы мүмкүн.
2020-жылы БУУнун Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы ДССУнун сунушу менен каннабисти эл аралык көзөмөлдүн эң катаал категориясынан чыгарган. Бул медициналык жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жеңилдеткен. Бирок адистер белгилегендей, бул чечим каннабис коопсуз деп таанылды дегенди билдирбейт.