Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдө
Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) мугалими Тилек Умаров Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Гуандун технология жана коммерция институтуна чакырылган окутуучу катары иштөөдө. Ал бир семестр бою студенттерге лекция окуп, кытайлык адистер менен тажрыйба алмашат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Тилек Умаров — ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун «Next Generation Hub» борборунун директору. Ал кытайлык окуу жайда машина куруу жана автоматташтыруу багытында окуган студенттерге «Инновация жана инновациялык технологиялар» сабагын өтүүдө.
Мындан тышкары, ал кытайлык кесиптештери менен робототехника адистиги боюнча окуу пландарын жана билим берүү программаларын талкуулап, жергиликтүү окутуучулар үчүн робототехника жана жасалма интеллект боюнча семинарларды өткөрүп жатканы айтылды.
Министрликтин маалыматында, ОшМУ менен Гуандун технология жана коммерция институту 2025-жылдын май айында эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн. Мекеме бул кызматташтык ОшМУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна багытталганын билдирди.

