Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
УКМК Рафик Мамбеталиевди кармады
18.09.2024 | 17:05
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.
УКМК Мамбеталиевди өткөн аптада “бийликти басып алууга даярданууга” шектеп кармаган. Анын бөгөт чарасы 13-сентябрда Биринчи май райондук сотунда каралган. УКМКнын тергөөчүсү соттон Рафик Мамбеталиевди камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырган эмес. Мамбеталиев 21-октябрга чейин үй камагына алынган.
Эскерте кетсек, Рафик Мамбеталиев буга чейин ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси, Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом