УКМК Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен бир нече имарат жана жерлер мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мамлекетке төмөнкү имараттар кайтарылган:
— 356 чарчы метр администрациялык имараты бар 70 сотых жер тилкеси;
— мурда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы М. Мамакеев атындагы орто мектептин балансында турган 944 чарчы метр аянттагы откананын имараты;
— Ак-Суу капчыгайында жайгашкан жылуу суулары бар дарылоо борборунун 39 чарчы метр имараты;
Жогоруда аталган имараттарды жана жер тилкени Ак-Суу айылынын тургуну К.Д.Ш. мыйзамсыз сатып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал аларды мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Мындан тышкары аталган райондогу мурда бала бакча жайгашкан, бирок мыйзамсыз менчиктештирилген 60 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган.