КР Министрлер кабинети ГСМдин азыркы бааларын адилетсиз деп эсептейт — Данияр Амангелдиев

Күйүүчү-майлоочу майлардын (ГСМ) кымбаттыгы дүйнөлүк тенденция болуп саналат, бирок Кыргызстандын Министрлер кабинети ГСМдин азыркы бааларын адилетсиз деп эсептейт. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, бийлик абал турукташкандан кийин күйүүчү майдын баасы мурунку деңгээлине кайтып келет деп күтүүдө.
«Биз дагы азыркы бааларды адилетсиз деп эсептейбиз, бирок алар өзүнүн тарыхый маанисине кайтып келет го деп ойлойм. Ошондуктан өкмөт бул этапта, баалар турукташканга чейин субсидиялоо чечимин кабыл алды», — деди Амангелдиев.
Ал субсидиялоо бюджетке олуттуу жүк болорун, бирок калктын реалдуу кирешесин сактап калуу Министрлер кабинетинин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
«Албетте, бул салыктар, бул биздин төлөөчүлөр, бирок ошого карабастан, калктын реалдуу кирешелерин сактоо да Министрлер кабинетинин негизги тапшырмаларынын бири», — деди ал.
Министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басарынын айтымында, Кыргызстан ГСМдин негизги көлөмүн Россиядан алат. Мындан тышкары, күйүүчү майдын бир бөлүгү Беларусь жана Кытайдан келет. Авиациялык күйүүчү май бир катар Европа өлкөлөрүнөн импорттолот.
Амангелдиев ГСМ боюнча кырдаал өкмөттүн жана Министрлер кабинетинин башчысынын түздөн-түз көзөмөлүндө экенине ишендирди. Бул маселе боюнча жума сайын штабдын жыйындары өткөрүлүүдө.
ГСМдин кымбатташынан кийин азык-түлүк бааларынын өсүшү мүмкүн деген кооптонууларга комментарий берип жатып, Амангелдиев Министрлер кабинети негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына бааларды ооздуктоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыкканын билдирди.
Мындан тышкары, бийлик бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөдө.
Буга чейин Амангелдиев Reporter.kg басылмасына Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга бааларды ооздуктоо планын даярдаганын айткан. Аны ишке ашырууга болжол менен 38 миллиард сом багыттоо пландалууда.
Каражаттар, атап айтканда, ата мекендик кайра иштетүүчүлөрдү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана мал чарбачыларын колдоого жумшалат.
Анара Мамытова