Кубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болдуЫсык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылатАйыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалуудаКыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндү
Быйылтан тарта ЖРТдан 130дан кем балл алгандар педагогикалык окуу жайга тапшыра албайт
11.03.2025 | 15:18
Быйылтан тарта жалпы республикалык тестирлөөдөн 130дан кем эмес балл алган абитуриенттер гана педагогикалык окуу жайга тапшыра алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, быйылтан тарта педагогикалык адистиктерге тапшыра турган талаптар күчөтүлөт.
«Буга чейин жалпы республикалык тестирлөөдөн 90 балл алган абитуриенттер деле педагогикалык окуу жайга өтүп келген. Быйыл бул адистиктерге босого баллды 130 кылабыз. Андан сырткары сертификациялоо системасы кирет. Андан калкка кызмат көрсөткөн медиктер менен педагогдор окуу жайды бүтүп жатканда өтүшөт», – дейт министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом