Бишкекте «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс-борбору ачылды
Бишкек шаарында «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.
Конгресс-борбордун жалпы аянты 39 миң чарчы метрди түзөт. Комплекс бир учурда 2 миңден ашык конокту кабыл алууга ылайыкталган. Имаратта төмөнкүдөй жайлар бар:
- 1238 орундуу «Курултай» конференц-залы;
- 1000 орундуу банкет залы;
- 235 орундуу пресс-зал;
- Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр үчүн залдар.
Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, сот тутумунун жетекчилери, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышкан.
Садыр Жапаров иш-чарада сөз сүйлөп, бул борбор өлкөнүн өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырарын белгилеген. Анын айтымында, борбор толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулган.
Ошондой эле президент «Ырыс-Ордо» борбору эл аралык дипломатиялык иш-чаралар, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун, Евразия Экономикалык Биримдигинин жана Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун саммиттери өтө турган аянтча болорун билдирди.
«Бүгүн өлкөбүздүн ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетип калды. Бул – Кыргызстан өз күчүнө жана өз ресурстарына таянып, өз алдынча өнүгүп жаткандыгынын түздөн-түз далили»,-деген өлкө башчы.






