ТИМ: Кыргызстан массалык кыргын салуучу куралдардын таралышына жол бербөөнү колдойт

ТИМ: Кыргызстан массалык кыргын салуучу куралдардын таралышына жол бербөөнү колдойт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, 7-сентябрда, Ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндө келишим уюмунун аткаруучу катчысы Роберт Флойдду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Роберт Флойд Кыргызстанга «Ядролук куралду жайылтпоо режимин чыңдоо» аттуу аймактык семинарга катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен аталган уюмдун өз ара кызматташуусун мындан ары тереңдетүү боюнча пикир алмашкан.

Министр Кулубаев Борбор Азияда өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимдин катышуучусу катары Кыргызстан тынчтыкты сактоо, зордук-зомбулуксуз жана массалык кыргын салуучу куралдардын таралышына жол бербөө маселелерин жактай турганын билдирген.

Роберт Флойд Кыргызстанга болгон биринчи сапарынын алкагында ТИМдин Дипломатиялык академиясынын студенттери үчүн ядролук сыноолор маселелери боюнча атайын лекция окуйт. Лекция Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>