Бишкекте жаран апасын, андан кийин милиционерди сабаган

Бишкекте жаран апасын, андан кийин милиционерди сабаган

Бишкекте апасын сабап, милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-сентябрда болжол менен саат 14:30да «102» кызматына Урицкий көчөсүндө эркек киши милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей жатканы туурлуу маалымат түшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 45 жаштагы жаранды (С.Н.) кармаган. Ал Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө учурунда аныкталгандай, участкалык милиция кызматкери өзүнө бөлүнгөн аймакты кыдырып жүргөндө, үйлөрдүн биринен аял кишинин кыйкырган үнүн уккан. Белгилүү болгондой, С.Н. аттуу жаран мас абалында апасын сабап жаткан.

Аталган жаран милиция кызматкеринин талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүп, аны бир нече жолу уруп жиберген. Ага байланыштуу милиция кызматкери медицина жардам үчүн кайрылган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Милиция жарандарды өз милдетин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырат. Мыйзам бузган жарандар жоопко тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>