Финансы министрлиги Кыргызстан эгемендик тарыхында чет мамлекеттерге карыз бергенби деген суроого жооп берди.
Аталган мекеме Reporter.kg’ге өлкө эч качан башка мамлекеттерге карыз бербегенин, биздин алдыбызда бересеси бар өлкөлөр жок экенин билдирди.
Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 6 млрд 115 млн доллардан ашат. Анын ичинен 4 млрд 545 млн доллардан ашыгы тыштан алынган насыялар. 1 млрд 570 млн доллардан көбү — ички карыз.