Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кыргызстан башка мамлекеттерге карыз бергенби? Расмий жооп
30.01.2024 | 18:36
Финансы министрлиги Кыргызстан эгемендик тарыхында чет мамлекеттерге карыз бергенби деген суроого жооп берди.
Аталган мекеме Reporter.kg’ге өлкө эч качан башка мамлекеттерге карыз бербегенин, биздин алдыбызда бересеси бар өлкөлөр жок экенин билдирди.
Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 6 млрд 115 млн доллардан ашат. Анын ичинен 4 млрд 545 млн доллардан ашыгы тыштан алынган насыялар. 1 млрд 570 млн доллардан көбү – ички карыз.