Абакта олтурган жаран Жалал-Абаддагы жайыттардан мал уурдоону уюштурган

Абакта олтурган жаран Жалал-Абаддагы жайыттардан мал уурдоону уюштурган

Жалал-Абад облусундагы жайыттарда жоголгон малдар Сузак жана Ноокендеги мал базарлардан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Кылмышка шектелип, Ноокен районунун тургуну С.О. жана Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары А.К., М.Б., Э.Н кармалды.

Милициянын билдирүүсүндө, 32 жаштагы С.О. Чүйдүн Беловодский айылында түрмөдө олтуруп, “вотсап” аркылуу сырттан тааныш жарандар менен бирге мал уурулукту ишке ашырган.

Аны көрсөтмөсү менен үч киши  2-декабрда Кудук-Сай айылынын жайытында бош жүргөн 2 баш бодо малды уурдап кетишкен. Андан кийин дагы башка жайыттан уурдалган 8 баш бодо малды Араван районуна жеткиришкен.

С.О. буга чейин Россияда “Каракчылык” беренеси менен соттолуп, жазасын Чүйдөгү абакта өтөп жатканы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>