Кореядан келген 600дөй автомобилди мыйзамсыз каттаткан «Унаанын» адистери кармалды

Кореядан келген 600дөй автомобилди мыйзамсыз каттаткан «Унаанын» адистери кармалды

Коррупциялык схема уюштурган «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдөн качуу максатында автотранспорт каражаттарын айдап өтүү менен алектенген жеке адамдар менен макулдашып, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюулду.

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери коррупциялык схеманы уюштурушуп, жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктерине деп жамынып алышып, алдоо жолу менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен, бул аларга бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. Буга карабастан, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери материалдык пайда табуу максатында акыркы бир нече жылдан бери Кореядан автотранспорт каражаттарын алып келүү менен алектенген жеке адамдар менен “тил табышып”, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында коррупциялык схемага катыштыгы бар экени аныкталып, 29-январь 2024-жылы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери А.А. А., Т. М. М., С. Л. А. жана У. Б. М. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>