Видео: Шаршенбеков чоңураак салмакта күрөшө баштайбы? Спортчунун жообу

Видео: Шаршенбеков чоңураак салмакта күрөшө баштайбы? Спортчунун жообу

Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков 67 кг салмакка өтүп күрөшүү тууралуу чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Спортчунун айтымында, ал Париждеги Олимпиадада 60 кг салмакта алтын утса, андан кийин 67 кг салмакка өтүүнү пландап жаткан. Эми ал боюнча агайлары менен кеңешип чечим кабыл алат.

«Кудай буйруса, Париж Олимпиадасында алтын утсам, 67 кг салмакта күрөшө баштайм деп ойлогом. Тилекке каршы үчүнчү орунду алып калдым. Азыр күрөштөрүмдү талдап жатам. Агайлар менен сүйлөшүп, эмне ката кеткенин карап, талдап чыгып, алардын үстүнөн иштейбиз. Салмак тууралуу да агайлар менен кеңешип, чечим чыгаргандан кийин жооп бере алам. Азарынча чече элекмин», — деди ал.

Учурда Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшөт. Буга чейин ал Дүйнөлүк күрөш уюмуна маек курганда, Париждеги Олимпиадага ийгиликтүү катышып келгенден кийин 67 кг ченине өтүүнү пландап жатканын билдирген.

Шаршенбеков Парижде коло байге утту.

Эскертек кетсек, грек-рим күрөшүндө балбандар чоңдор арасында 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмакта күрөшөт. Бул салмак чендеринин ичинен 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык болуп саналат.

Шаршенбеков Олимпиададан кийин спорттук карьерасында кандай өзгөрүү болорун айтты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>