Кытай жана Кыргызстан «үч жамандык күчүнө» каршы күрөштү күчөтүшөт — кенен маалымат

01.09.2026 | 13:45
Кытай жана Кыргызстан «үч жамандык күчүнө» каршы күрөштү күчөтүшөт — кенен маалымат — Новости Кыргызстана

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнү укук коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Тактап айтканда, кытай лидери «үч жамандык күчү» деп аталган — терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, Си Цзиньпин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы биргелешкен күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле аймактагы тынчтыкты жана туруктуулулку камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттенүүгө чакырды.

Кытай ошондой эле Кыргызстандын эл аралык жана аймактык иштерде маанилүү ролду ойноого болгон умтулуусун колдойт жана Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында республика менен кызматташтыкты андан ары чыңдоого даяр.

Си Цзиньпин ошондой эле төрт глобалдык демилгени биргелешип ишке ашырууну, гегемонизмге жана күч колдонуу саясатына каршы турууну, көп тараптуулукту жана эл аралык адилеттүүлүктү жактоону, ошондой эле глобалдык башкаруунун адилеттүү системасын калыптандырууга көмөктөшүүнү жактады.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүү жөнүндө айтып жатып, КНР Төрагасы Кыргызстан менен Кытай ШКУнун негиздөөчү мамлекеттери катары Тяньцзинь саммитинин жыйынтыктарын ишке ашырууга, аймактын жалпы өнүгүүсүнө жана уюмдун андан ары өнүгүшүнө көмөктөшүүсү керектигин белгиледи.

Соода жана темир жол

Си Цзиньпин ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өкмөттөр аралык экономикалык жана соода өз ара аракеттенүү планын ишке ашырууга чакырды.

Анын айтымында, сооданын багыттарын кеңейтүү жана өсүштүн жаңы чекиттерин, атап айтканда, санариптик сооданы жана чек аралар аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү зарыл.

Кытай лидери Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл бурду. Ал муну аймактагы элдердин үмүтү байланган өтө маанилүү транспорттук артерия деп атады.

Мындан тышкары, Си Цзиньпин өткөрүү пункттарын модернизациялоону жана системалар, стандарттар жана эрежелер жаатындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү жактады.

Энергетика, ресурстар жана жасалма интеллект

Кызматташтыктын дагы бир багыты энергетика болот. КНР Төрагасы кайра жаралуучу энергетика жана ресурстарды кайра иштетүү чөйрөсүндөгү маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле «жашыл» минералдык ресурстар жаатындагы кызматташтык жөнүндө документти ишке ашырууну жана бүткүл өндүрүш чынжырчасы боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү көздөшүүдө.

Технологиялык чөйрөдө Си Цзиньпин «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында биргелешип лаборатория түзүүнү, жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты чыңдоону жана технологиялык инновациялар аркылуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү сунуштады.

Жаштар, ММК жана туризм

Кытай лидери ошондой эле адамдар ортосундагы алмашууну андан ары өнүктүрүүнү жана жаштар, ММК, туризм, спорт, саламаттыкты сактоо жана жергиликтүү деңгээлдеги өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты чыңдоону жактады.

Анын айтымында, бул кытай-кыргыз достугунун коомдук негизин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Scroll to Top