Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин «Ынтымак Ордодо» сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

«Ынтымак Ордо» резиденциясында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда расмий сүйлөшүүлөр башталды. Тараптар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулап жатышат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирди:
• Эрлист Акунбеков — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри;
• Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
• Азамат Кадыралиев — Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы;
• Каныбек Туманбаев — Президенттин иш башкаруучусу;
• Сагынбек Абдумуталип — Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
• Азамат Апсатаров — Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;
• Актилек Мусаева — Кыргызстандын Кытайдагы элчиси;
• Гүлзат Исаматова — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
• Талантбек Солтобаев — транспорт министри;
• Руслан Сүйналиев — финансы министри;
• Бакыт Сыдыков — экономика жана коммерция министри;
• Алтынбек Рысбеков — энергетика министри;
• Нурсултан Усубалиев — Президенттин жардамчысы;
• Аскат Алагозов — Президенттин басма сөз катчысы;
• Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: Бакытбек Жетигенов (Ысык-Көл облусу), Нурбек Сатаров (Нарын облусу), Аманкан Кенжебаев (Ош облусу);
• Абдикарим Алимбаев — Чек ара кызматынын төрагасы;
• Алмаз Салиев — Бажы кызматынын төрагасы;
• Данияр Бекбоев — тышкы саясат бөлүмүнүн өкүлү;
• Кубат Абдраимов — «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасы.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтердин ири топтомуна кол коюлушу күтүлүүдө.