Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
«Бишкек Аренага» сагыз алып кирүүгө болбойт. Дагы эмнелерге тыюу салынат?
31.08.2026 | 10:52

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган «Бишкек Арена» стадионуна алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси жарыяланды.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, коопсуздукту камсыздоо үчүн стадиондун аймагына төмөнкү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат:
- тамак-аш жана суусундуктар;
- тамеки, электрондук тамекилер, IQOS түзүлүштөрү жана насвай;
- сагыз;
- айнек бөтөлкөлөр, банкалар жана идиштер;
- баштыктар, рюкзактар жана чемодандар;
- курал-жарактар жана сайып-кесүүчү буюмдар;
- пиротехникалык каражаттар;
- аэрозолдук жана газ баллондору;
- дрондор;
- кесипкөй фото жана видеоаппаратуралар;
- радиостанциялар жана байланыш жабдуулары;
- музыкалык аспаптар, ышкырыктар жана мегафондор.
Ошондой эле стадионго кирүүдө көзөмөл жана текшерүү иштери жүргүзүлөт. Министрлик көрүүчүлөргө баштыктарын алдын ала текшерип, стадионго эрте келүүнү жана коопсуздук кызматкерлеринин талаптарын аткарууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом