Камактагы аялга мейманканада жолугушуу уюштурган милиционер кармалды — видео

Камактагы аялга мейманканада жолугушуу уюштурган милиционер кармалды — видео

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Сокулук РИИБдин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалды.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 19-июнунда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын Тергөө камак жайынына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайра кайтып келе жаткан учурда, камакка алынган Э.А.нын жарандык күйөөсү А.Ж.дан милиция кызматкери акчалай сыйлык үчүн  соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган Э.А. менен  жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Сокулук РИИБдин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>